17&Բ;апреля&Բ;2025
26-апрель 2025-жыл | 10:00 – 17:00
Баарыңыздарды БААУда өтчү жазгы 12R FEST экофестивалына чакырабыз! Каалоочулардын баарына кирүү акысыз. Бул жерде ар бир конок жан дүйнөсүнө жаккан нерсесин табат: Кыргызстандын хэнд-мейд чеберлери жана экоөндүрүүчүлөрүнөн жарманке, Кыргызстандын аймактарынан келген окуучулар менен студенттерден “Ылга 1.0.” экоквестинин алкагындагы экодолбоорлор тууралуу бет ачарлар, эковариантта “Ордо” улуттук оюну боюнча демо-мелдеш (экочүкөлөр менен - булар тууралуу иш-чаранын өзүндө кенен маалымат алсаңыздар болот), Кызыл-Кыя шаарынан полиэтилен баштыктарын, текстилдик кесиндилер жана жарнама баннерлерин кайра иштетүү боюнча экосоциалдык долбоор жана тигүү цехинин бет ачары, чакан концерт жана башка көптөгөн кызыктар.
Ошондой эле сиз фестивалга жакшы абалдагы бирок сизге кереги жок болуп калган буюмдарды жана китептерди алып келип, алардын ордуна алмашуу жолу менен башка пайдалуу буюмдарды алсаңыз болот. Бул нерсени сиз иш-чаранын алкагында орун алчу биздин дармаркада ишке ашыра аласыз.
Айтор үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен бирге келиңиз. Сизди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз. БААУда 26-апрелде жолугушканча!
Иш-чаранын уюштуруучусу – “Жашыл БААУ” программасынын алкагында Жарандык активдүүлүк борбору студенттик ыктыярчылык Жашыл клуб менен биргеликте. Төмөнкү баракчаларга катталыңыздар: @green_auca & @auca_cce
ПРОГРАММА:
ФОРУМ (1-кабат)
10:00 – фестивалдын ачылышы, Жарандык активдүүлук борборунан ачылыш сөздөрү, “Жашыл БААУ” программасы & алпаруучулар
10:00 – 14:00 – дармарка (буюмдар жана китептер менен алмашуу) & мехенди (кына менен кооздоо)
10:00 – 17:00 – хэнд-мейд чеберлер жана экоөндүрүүчүлөрдөн жарманке & “Ылга 1.0.” экоквестинин долбоорлдорунун жеңүүчүлөрүнөн постер-сессия (Кыргызстандын 8 окуу жайынын окуучулар менен студенттеринин командалары)
12:30 – 13:00 – ЭкоОРДО улуттук оюну боюнча демо-мелдеш (экоЧҮКӨЛӨР менен) & байгелери бар кахут оюну
14:00 – 14:30 – БААУнун GREEN CLUB клубунун ыктыярчылары менен кыймыл оюндары & байгелери бар кахут оюну
СН (4-кабаттагы конференц-зал)
11:00 – 12:00 – “Ылга 1.0.” экоквестинин жеңүүчүлөрүнүн ийгилик сырлары (долбоордун экинчи баскычы):
11:00 – 11:10 – Жарандык активдүүлүк борборунун ачылыш сөздөрү, “Жашыл БААУ” программасы
11:10 – 11:20 – бий - кыргыз улуттук мотивдеринен микс (3 мүнөт) & С. Бегматов атындагы Таш-Мойнок орто мектебинин окуучуларынан кыргыз, орус жана англис тилдеринде “Манас” айтуу (4 мүнөт)
11:20 – 11:30 – ЭкоZAMAN командасынын бет ачары, С. Бегматов атындагы Таш-Мойнок орто мектеби, Кой-Таш айылы, Аламүдүн району
11:30 – 11:40 – Green Flag командасынын бет ачары, №65 орто мектеби, 10-класс, Бишкек
11:40 – 11:50 – GREEN DREAMS командасынын бет ачары, Новониколаевка айылы, 9-11-класстар, Чүй облусу
11:50 – 12:00 – 13-evergreen командасынын бет ачары, №13 орто мектеби, 8-класс, Бишкек
12:00 – 12:30 – “Ойло” экодолбоорунун ОНЛАЙН бет ачары. Полиэтилен баштыктарын, текстилдик кесиндилер жана жарнама баннерлерин кайра иштетүү боюнча экосоциалдык долбоор жана тигүү цехи. Кызыл-Кыя шаары, Баткен облусу + кайра иштетилген сырьедон жасалган стилдүү дизайнердик буюмдарды ойнотуу менен КВИЗ - Нуржамал ГАНЫЕВА, “Ойло” кыймылынын негиздөөчүсү, журналист, юрист
12:30 – 13:00 – конференц-залда тыныгуу (“ЭкоОРДО” оюну (ЭКОчүкөлөр менен) & 1-кабаттагы форумда байгелер ойнотулган кахут оюну)
13:00 – 14:30 – “Ылга 1.0.” экоквестинин жеңүүчүлөрүнүн ийгилик сырлары (долбоордун экинчи баскычы) & сертификаттар менен сыйлоо & мини-концерт:
13:00 – 13:10 – Листья жизни командасынын бет ачары, В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп, 7-класс, Нарын шаары
13:10 – 13:20 – Жашыл Тумар командасынын бет ачары, 2 мектеп, Баткен шаары
13:20 – 13:30 – Данек командасынын бет ачары, Данек окутуу-тарбиялоо комплекси, 6-7-класстар, Кызыл-Кыя шаары
13:30 – 13:40 – Арт-клуб Таланттар командасынын бет ачары / Talents: The Arts- Club, Эл аралык Медицина жогорку мектеби, дарылоо факультети, Бишкек
13:40 – 14:10 – КРда таштандыларды башкаруу WasteNet.kg түйүнүнүн өкүлдөрүнүн бет ачары – Наталья БАЙДАКОВА, курчап турган айлана-чөйрө боюнча эксперт, “ESG Central Asia” коомдук бирикмеси & сертификаттарды тапшыруу
14:10 – 14:30 – мини-концерт: экопьеса & ыр (дуэт) & Эл аралык Медицина жогорку мектебинин студенттеринен индия бийи.